Орустун белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовскийге мемориал тургузулат

Орустун белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовскийдин туулган жери Красноярск шаарында ага арналган мемориал курулат. Бул тууралуу аталган аймактын губернаторунун милдетин аткаруучу Александр Усс орус басылмаларына билдирген.

"Артисттин үй-бүлөсү менен кеңешип, анын туулган жерине мемориал тургузууну пландап жатабыз. Ал гана эмес, ырчы окуган искусство институтун же ал акыркы ирет концерт койгон Чоң концерттик залдын аталышын Дмитрий Хворостовскийдин наамына өткөрүүнү ойлонуудабыз", - деген ал.

Эске салсак, Дмитрий Хворостовский 22-ноябрда чет өлкөдөгү ооруканалардын биринде көз жумуп, аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты кечээ, 27-ноябрда өткөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан