ЖЫЛНААМА, 28-НОЯБРЬ: Ырчы жана обончу Алтымыш Кадыров мындан 63 жыл мурун туулган

1980-жылдары “Сага”, “Балалык”, “Ак-Буура”, “Сен менен өмүр бир өтсүн” деген ырлар көпчүлүктүн оозунан түшпөй хит болгон. Мына ошол ырлардын автору обончу, ырчы Алтымыш Кадыров көзү тирүү болгондо бүгүн, 28-ноябрда 63 жашка толмок.

Ал 1954-жылы Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Орто-Мечит айылында төрөлгөн. Атасы 60 жашында уул көрүп, атын Алтымыш деп койгон экен. Сүйүнгөн ата-эне уулун Сулайман тоосуна алып барышып, "ыйык адам болсун" деп кулагын көзөп ырымдашкан. Ата-энеси жылкычы болуп, анын балалыгы Алай тоолорунда өтөт. Музыкага зээндүү экени ошол учурда эле билинип, атасы атка өңөрүп барып гармошка сатып берет. Бир аз бой тарткандан кийин ал мектептин жылдызына айланат. Баягы атасы сатып берген гармошканы көтөрүп алып, кайсы жерде тамаша болсо ошол жерде ырдап жүрө берчү дешет.

Студент кезинде көптөгөн жерлерде ырдап такшалат. Өз талантынын даремети менен Баш-Булак айылында клубдун башчысы болуп иштейт. Андан соң Ош шаардык драма театрында музыкант катары иштеп калат. Алтымыш Кадыровдун таланты ташкындап турган чак ошол жылдарга туш келген. Ырды, сахнаны өтө бийик нерсе катары эсептеген ырчынын музыкалык сабаты болгон эмес. Нотага алгачкы обондорун жубайы Рая түшүрүп берчү. Ошентсе да жүрөктөн чыккан обондору жүрөккө жетип, көпчүлүктүн көңүлүнө арзыганын танууга мүмкүн эмес.

Алтымыш Кадыров 2001-жылы 10-майда 47 жашында каза болгон. Көзү өткөндөн кийин 60 ыры чогултулуп нотага түшүрүлүп, китеп болуп чыгарылган.

Ырчыны кыз жандуу болгон деп айтышат. Ал биринчи жубайынан 2 балалуу болгон соң кийинки жубайы Раяга үйлөнгөн. Бул турмушу да 2 балалуу болгондон кийин ураган. Үчүнчү ирет Нарынгүл деген айымга үйлөнүп, андан 1 балалуу болгон.

Бир кезде "60`К" деген топ менен ата жолун жолдогон Талант жана Самат Кадыров аттуу уулдары ырдап чыгышкан. Учурда Самат Кадыров сахнадан бир аз алыстай түшкөнү менен, Талант чыгармачылыктын казанында кайнап жүргөн кези.

28-ноябрдын жылнаамасы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан