Курманбек Бакиев: "Убакыт келгенде мен мекениме кайтарыма ишенем"

2010-жылдан бери сыртта бозгунда жүргөн Кыргыз өлкөсүнүн мурдагы президенти Курманбек Бакиев мекенине кайтып келүү ниети бардыгын билдирди. Бул тууралуу казакстандык "Tengrinews" маалымат сайты жазды.

Маалым болгондой, Курманбек Бакиев Казакстандын "Хабар" телеканалы даярдаган даректүү тасмада 2010-жылы апрель айында болгон окуяларды эскерип, маек курган. Учурда ошол интервьюнун кыска бөлүгү анонс иретинде таратылууда жана толук версиясы 29-ноябрда көрсөтүлөрү жазылган.

"Эмне кийимчен болсом, ошол бойдон кеттим. Эстелик катарыбы же башка себептенби, аныгын билбейбиз... Бирок байпак жана ич кийимимден өйдө тартып алышты. Идиш-аяк тууралуу айтпай эле коёюн. Убакыт келет, ошондо мекениме кайтарыма ишенем", - деп айтат Бакиев.

Белгилей кетсек, Курманбек Бакиев Кыргыз мамлекетин 2005-2010-жылдары башкарган.

Эске салсак, буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаев "Казак бийлигиндегилер Бакиевди жакшы көрүшөт" деп айткан болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан