КҮНСЕРЕП: Чубак ажы токолдорду мыйзамдаштыруу аракетин баштады

Бүгүн, 28-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Мурдагы муфтий Чубак Жалиловдун токол алганын жарыялашы күндүн жаӊылыгы болду. Интернетке тараган видеотасмада Жалилов: "Экинчи аялым Түркияда бала багып иштеп жүргөн, 30 жаштан өткөн жесир келин. Мен кыздарды Кытайга, Түркияга, Орусияга жибербегиле деп айтып келем. Үйлөнгөнгө ниетим жок эле, бирок мен өзүм элге үлгү болуп берейин дедим. Кыргыз кыз-келиндерин башка өлкөлөргө иштөөгө жиберип кор кылгандан көрө колунан келген эркектер үйлөнсүн, баксын", - дейт.

Экс-муфтийдин экинчи аял алганын жалпы журтка жарыялашы, башкаларды да ушундай кадамга чакыруусу коомдо талаш-тартыштарды жаратты. 18 жашка чыгып-чыга элек кыздардын жумуш издеп сыртка агылышы, бөтөн жерде кордук көрүп, алданып, ар кандай дартка чалдыгып, ден соолугунан, өмүрүнөн ажырап жатышы Кыргызда учурдун чоң социалдык көйгөйлөрүнүн бири. Чубак Жалилов жана аны жактагандар бул көйгөйдү чечүүнүн бир жолу деп көп аял алууну сунуштап жатышат. Бирок мындай аракет менен биринчи аялдын, анын балдарынын укугу бузуларына, көптөгөн аялдар ушундай маселеден улам ажырашып, үй-жайсыз көчөдө каларына, мындай учурда биринчи кезекте балдар жабыркай турганына молдокелер анчейин маани бербей жатышат. Чубак Жалилов насаатында аялдарга кайрылып, “күйөөңөр экинчи аял алса урушсаңар урушкула, кызгангыла, бирок көчөгө чыгып жиндилик кылбагыла”, - деп ушундай тагдырга баш ийип отуруп калууну сунуштады.

Чубак мырзанын 2-аял алышы менен экс-депутат Турсунбай Бакир уулу куттуктап, өзүнүн 4 аял алганын, алардын экөө мурунку күйөөсү каза тапкан жесирлер болгонун жар салды. Кыргызча демократиянын бүгүнкү жүзү: 4 аялга бирдейинен үйлөнүп, ал ишин эрдик көрүп жаткан бул адам өлкөдөгү Акыйкатчы институтун түптөөчүлөрдүн бири, өлкөдөгү биринчи Акыйкатчы, Жогорку Кеңештин бир нече жолку депутаты, президенттик кызматка бир нече жолку талапкер. Маселенин экинчи жагы - адам укуктарынын тебелениши, мыйзамдын бузулушу. Өлкөдө көп аялдуулук мыйзамдаштырылган эмес. Светтик деп саналган Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинде 153-берене бар. Анда "жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашагандар 2 жылга чейин эркинен ажыратылат" деп жазылган. Жалпы чарба жүргүзүү дегени - жаран 2 аял менен бир үйдө жашап, киреше-чыгашасы, тиричилиги чогуу болсо дегенди билдирсе, анда 2 аялды өз өзүнчө үйгө жайгаштыруу менен кылмыш жоопкерчилигинен кутулуп кетүү мүмкүн тура деген жыйынтык чыгат. Эки жана андан көп аял алып жашап жүргөнү коомчулукка белгилүү көп эле саясатчылар, мамлекеттик ишмерлер бар. Алардын бири да жогорку берене боюнча соттоло элек.
Ал эми Үй-бүлө кодексинин 15-беренесине ылайык, бир адам Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) бөлүмүндө эки жолу расмий нике каттоосуна тура албайт. Бир адамдын бир гана мыйзамдуу аялы же күйөөсү болот.

Ырас, Жалиловдун чакырыгына чейин эле Кыргызда 2 же андан көп аял алгандар болуп келген, азыр деле көп. Бирок диний лидердин ачык чакырыгынын таасири башка. Карапайым эл анын пикирине кулак төшөйт, туурайт. Коомдук пикир түзө алган адам эл алдындагы сөздөрүнө, аракетине абдан жоопкерчиликтүү болушу шарт. Азиза Абдирасулова жетектеген "Кылым шамы" укук коргоо уюму экс-муфтийдин билдирүүсү боюнча прокуратурага арыз менен кайрыларын жарыялады. Өлкөдө Чубак Жалиловду идеал туткан жарандык катмар бар. Алардын ар бири үй-бүлөдөгү өз жоопкерчилигин жетиштүү сезип, түшүнө алгандар деп айтуу кыйын. Ансыз деле үй-бүлөдөгү зордук, зомбулуктан жабыркап жүргөн аялдардын саны мурунку муфтийдин үгүтүнөн кийин өсүп кетпейби? Кыз-келиндерге кам көрмөкчү болгон экс-муфтийдин чакырыгы, тескерисинче, өлкөдө миӊдеген үй-бүлөнүн урашына, анын айынан далай балдардын жабыр тартуусуна алып келбейби?
Тагдырдын тамашасын караңыз, Жалиловдун чакырыгы дал ушул күндөрү өлкөдө балдардын жана аялдардын укугун коргоого арналып өтүп жаткан "Гендердик зомбулукка каршы активдүү 16 күн" аталышындагы акцияга туш келди...

Казакстандын "Хабар" мамлекеттик телеканалы Кыргыздын мурдагы президенти Курманбек Бакиев тууралуу даректүү тасма тартты. Анда Бакиев 2010-жылкы Апрель окуяларын эскерип, маек курган. Интервьюнун кыска бөлүгү анонс катары таратылып жатат, толук версиясы 29-ноябрда көрсөтүлөрү күтүлүүдө. Тасмадан Бакиевдин: "Эмне кийимчен болсом, ошол бойдон кеттим. Эстелик катарыбы же башка себептенби, аныгын билбейбиз... Бирок байпак жана ич кийимимден өйдө тартып алышты. Убакыт келет, ошондо мекениме кайтарыма ишенем", - дегенин көрүүгө болот.

Тасмада Кыргыздын азыркы бийлиги мактоого алынбасы түшүнүктүү. Бул арада бийликчил басылмаларда Кыргыздагы бийлик алмашуу салты Казакстандын бийлигинин уйкусун бузуп жатат, Бакиев тууралуу тасма казак элинин көӊүлүн негизги темадан башкага буруу үчүн тартылды деген пикирлер жайылтыла баштады. Буга чейин Казакстан бийлигинин оппозиционери Мухтар Аблязовдун интервьюсун бийликчил гезиттердин бири бир нече санына жарыялады. Учурда Францияда жашап жаткан Аблязов Казак бийлигинин "Аблязов Казак ишкерлерине каршы көрсөтмө бергени үчүн Бельгиянын жарандыгын алат" деген маалыматы жалган экенин айтып, коӊшу өлкөнүн бийлигине бир топ сындарды айткан. Андыктан Казакстандык каналдын Бакиев тууралуу даректүү тасмасын Кыргыз бийлигине жооп катары кабыл алууга болот.

Кыргыз-Казак кризиси ошентип күн өткөн сайын ырбап, мекенинен качып жүргөн саясатчылар курал катары оюнга тартыла баштады. Эки өлкөнүн бийлиги кайым айтышууну эмес, чек арадагы чектөөнүн айынан жапа тарткан ишкерлердин абалын, азык-түлүктүн, көмүрдүн кымбатташынан жабыр тартып жаткан элди ойлошсо жарашат эле...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан