БШКнын төрайымы: “Шайлоонун жыйынтыктары боюнча бардык сындарды угууга даярбыз”

Бүгүн, 28-ноябрда Бишкек шаарындагы Мамлекеттик резиденцияда “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталыштагы коомдук диалог башталды. Жыйынга бийлик өкүлдөрү, БШК мүчөлөрү, коомдук ишмерлер, бейөкмөт уюмдардын кызматкерлери, президенттик шайлоого катышкан талапкерлер жана алардын ишенимдүү өкүлдөрү катышууда.

Жыйын башында БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова сөз сүйлөп, шайлоо тууралуу маалымат берди.

“Президенттик шайлоодо жалпысынан 24 миңге жакын кызматкер иш алып барды. Президенттик шайлоо таза жана тынч өтүшүнө салым кошкон адамдарга ыраазычылыгымды билдирем. Албетте, кемчиликтер да болбой койбойт. Биз шайлоонун жыйынтыктары боюнча бардык сындарды угууга даярбыз”, - деди БШКнын төрайымы.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
ALATOOLUK.JIGIT
2017-11-28 11:12:40
Сыйлыкты актоо керек,бетонго таш ыргыткан менен баарыбир эмеспи!
+6
kechirmeni
2017-11-28 11:21:00
шайлоо бутту эми эч нерсе кыла албайсынар деген созу да
+5
Yiman97
2017-11-28 11:44:04
Пажардан кийин насос алып келиптирлерда))
+2
kenjebek_a
2017-11-28 14:19:41
Бул созу посылать эткен менен эле барабар.Сыйлыкты алды шайлоо отту.Бирок бет менен немесинин айырмасы жок.
+2
adjo_krsu
2017-11-28 16:06:30
Ичинде ит олуп жатканын билди болду бекен, бул эки жуздуулор...)
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан