"Кылым шамы" борбору Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча айткан сөздөрүн текшерип, укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылат

"Кылым шамы" борбору Чубак Жалиловдун экинчи аял алганы боюнча айткан сөздөрүн текшерип, укуктук баа берүү үчүн прокуратурага кайрылат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган адам укугун коргоо борборунун директору Азиза Абдирасулова билдирди.

Анын айтымында, диний ишмер өзү кылмыш кылганын моюнуна алып, мыйзамды бузуп жатат.

"Өлкөдө көп аял алганга тыюу салган мыйзам бар. Аны сыйлап аткарыш керек. Чубак Жалилов өз сөзүндө кылмыш кылганын моюндап, мыйзамды бузуп жатат. Экинчиден, ал көп аял алганга мүмкүнчүлүгү барларды үйлөнгүлө деп үгүттөп жатат. Анын айынан көптөгөн үй-бүлөлөр ажырашып, канча деген балдар атасыз калышы мүмкүн. Жалилов жөн адам эмес да, ал аалым киши. Өлкөдө анын айткандарын угуп, ага окшошууга аракет кылгандар көп. Анын коом алдында ачык чакырык жасап жатканы өтө коркунучтуу нерсе", - деди Абдирасулова.

Айта кетсек, буга чейин диний ишмер Чубак Жалилов элден келген суроолорго жооп берип жатып, экинчи аял алганын айткан. Бул маалыматты ал SUPER.KG порталына да тастыктаган болчу.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 153-беренесинде "Эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аялдар менен чогуу жашаганда, эки жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланат" деп жазылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (88)
Petrovka
2017-11-28 18:21:21
Кыргызстанда Чубак ажы эле эки аял алгансып жаман болушту го. Бага алса шарты болсо дагы алсын жон койгула тадик озбеке тийгиче Чубак ажыга тийишсин.
0
love.me.again
2017-11-28 18:38:19
Омей ботом ошондо 87 жылкы кызбы ?кокуй
+2
muslim87
2017-11-28 18:43:49
Мобул аял кыйын болсо Чубак ажыга азылбай, баягы журналист кызды он балага салып берем деген депутака күчүн көргөзбөйбү, ошол кыздын укугун коргобойбу ошол учурда оозуна талкан тыгып алды беле. Айткандай супер инфо ошол эмне менен аяктады.?
+2
aliakg90
2017-11-28 18:43:50
Озу алса ала берсин бактылуу болсун. Башкаларга алгыла алгыла деп угуттобосун
+5
muslim87
2017-11-28 18:48:57
Депутаттар каалагандай ар кимди коркутса боло берет сөксө боло берет деген мыйзам деле жок болуш керек. Ошолорго баа берсин деп прокурорго кайрылсын кылым шамы деген уюм.
-1
Adi.Avazbekov
2017-11-28 19:00:21
Эмне эле ызылдайсыңар эмне жаш кызды алыпбы жесирди алыптыр бул сооп эгер 2 аялды бирдей көрүп караса. 87 жылкыбы жаш келин алыптыр дейсинер болгон 10 жаш кичүү экен башкалар деле алып жатбайбы 20 30 жаш кичүүнү. чубак ажыны 60 дагы чал деп ойлойсунарбы Же. Мыйзам иштесе Бакир уулу эмне кылып жүрөт 4 аялы мн. Ойлонолучу эгер 1 чи аялы каршы болбосо ала берсин.
0
Patriot7
2017-11-28 19:42:46
Adi.Avazbekov, сен жаны мыйзам жазып койгонсуп суйлопсун го ээ, ала берсин деп?!! Мыйзам андайлар камалсын деп турат... Эки аял алгандарды камоо керек, биринчи Чубак ажыны камаш керек, калгандарына сабак болот... Бакириуулун да камаш керек, карап турсан баары эле Жантай чал болгусу келет....
+5
Patriot7
2017-11-28 19:39:42
Оооууууу!!! Бул жакты ислам фанаттары каптап кетиптир го, Чубак ажынын "чала молдолор" армиясы......

Эми кептин чынына келсек, жогорудагы аял эмес, жонокой катардагы аялдар Чубак ажыны сотко берсе эмне болмок?!! Куйоолору талаалап, оздору бир этек бала менен Кыргызстанда кор тирилик менен алпурушуп жургон аялдар Чудак ажынарды сотко берсе эмне болмок?!!

Алардын талаа-туздо жургон куйоолору Чубак ажынын артынан экинчилерге уйлонушсо, Кыргызстан дагы аялдары ош
+3
Ni9z96
2017-11-28 19:48:29
Эмнеге эгер динден кабары бар аялдар өздөрү макулдугун берип жатышпайбы
0
jypara1415
2017-11-28 20:55:23
Эртен эле сонку кабардан окубасак болду , Чубак ажы биринчи жубайы менен расмий турдо ажырашты деп . Аялын капа болду дегени , демек каршы болгону .
+1
Nurmat92
2017-11-28 22:27:38
Тойлор тойго улансын тойдун ээси кубансын Чубак ажым токол алып жыргасын
0
vangolu
2017-11-28 22:42:40
Бул чубак Кыргызстандын кудайы болгусу келет
+4
mirkaa5182
2017-11-29 01:26:31
Алса алыптыр да эки аял, анын нээсине кайгырат деймда, багы алса,күчү жетсе ала берсин.
-2
Aijan.140297
2017-11-29 02:03:52
Эми эркектер жыргап калат экенда багыш колунан келсе да келбесе да экинчи катын алам деп сооб аламын деп жон деле садака зекет берип жардам беришсе болсо керек
+2
admin_superstan
2017-11-29 11:19:25
Patriot7, jbolotov, Too-tash, жеке айтышууларга жол берилбейт. Эскертүү!
0
AKCAHAT
2017-11-29 19:19:30
Сойку эле сойку дейсинер кана алынар жетсе ошол сойкуларды алгылачы 2 чи 3 чу кылып азайып же жоголуп кетишсе кубанат элек. Башка улутка тийген кыздар дейсинер алар независимая кыздар озун озу басынтып 2, 3, 4 иттин куйругу болуп анекдоттогудай немеге очреддге тургандан коро 1эркектин жалгызы, эркеси болуп бактылуу жашаганды тандашкандар. Жон гана биз 2 аялдын кучагында болгубуз келет деп эле мойундаса эркектер. Олгондон кийин деле жетишпей калсанар керек 70 хурия мн жыргап
+2
muslim87
2017-11-29 23:59:00
AKCAHAT, аял заты сендей болсо эки аялдын эмнесине жыргамак элең. Куураганыңда. Анын түйшүгүн мойнуңа артканың. Аял алды десе эле жыргады дей берет экенсиңерда. Билесиңби 5 мүнөттүк жыргалдын аркасында кандай азаптар бар экенин.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан