Бүгүн, 28-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан “2017-жылы Кыргыз Республикасынын президентин шайлоонун жыйынтыктары” аталыштагы коомдук диалогдо БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгына кеңири токтоло кетти.
"Шайлоодо республика боюнча жана чет өлкөлөрдө жалпысынан 2375 шайлоо участкасы иш алып барды. Мамлекеттик статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргыз өлкөсүндө 18 жаштан жогорку, шайлоого катышууга укуктуу болгон 3 876 985 жаран бар. Алардын ичинен президенттик шайлоого 1 702 940 жаран катышты. Ал эми 5 464 Кыргыз жараны чет өлкөлөрдөн шайлоого катышып, өз добуштарын беришти", - деди БШКнын төрайымы.