Түркиянын Трабзон шаарында өткөн "Бириккен улуттар уюмунун модели" эл аралык жыйынына "Kyrgyz Youth - Кыргыз жаштары" клубунун мүчөлөрү катышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган клубдун төрагасы Мырзахит Мырзаев билдирди.
Маалым болгондой, жыйын 25-27-ноябрь күндөрү өтүп, ага 50 өлкөнүн студенттери катышкан.
"Бул эл аралык илимий жыйынга Кыргыздын жаштары Дастан Разак уулу, Жакшылык Айтбаев, Кыял Байтурова, Чолпонай Ташиева аттуу кыздар-балдар катышып, дүйнөдө болуп жаткан актуалдуу маселелер, терроризм, социалдык жана экономикалык көйгөйлөр жана башка бир топ талкуу жараткан темалардын негизинде даярдалган докладдарын окуп беришти. Ага жалпысынан 50 өлкөнүн студенттери катышкан. Алардын баары биздин балдар козгогон темаларды кызуу талкууга алышып, өз ойлору менен да бөлүшүп жатышты", - деди ал.