Камактан качуу фактысы: Сокулук РИИБинин башчысы жана анын орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулушту

ИИМдин Ички иликтөө кызматы Сокулук РИИБиндеги камактан качуу фактысы боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүп, бир катар эрежелердин одоно бузулганы аныкталган. Анын негизинде Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында нөөмөттө турган Ж.М. жана Б.Ш. Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан чыгарылды.

Ошондой эле Сокулук РИИБинин жетекчиси Б.Дүйшеев, анын Коомдук тартипти коргоо боюнча орун басары М.Саидов, орун басардын милдетин убактылуу аткаруучу Н.Станов, Сокулук РИИБинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы А.Д. жана нөөмөт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары И.И., нөөмөт бөлүмүнүн улук инспектору А.М., нөөмөтчүнүн жардамчысы М.А, убактылуу кармоочу жайдын улук инспектору И.О. ээлеген кызматтарынан бошотулушту.

Андан сырткары Сокулук РИИБинин Криминалдык милиция кызматынын башчысы Д.Мга, Криминалдык милиция кызматынын башчысынын орун басары Б.Бга кызматка толук дал келбестиги эскертилип, Чүй ОИИББинин Коомдук коопсуздук кызматынын башчысы И.Ага, анын орун басары Ж.Кга катуу сөгүш берилди.

Айта кетсек, 27-ноябрь күнү таңкы саат 6:00 чамасында Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында камакта отурган 4 киши качып кеткен. Алар “каракчылык” жана “киши өлтүрүү” беренелери менен кылмыш ишине шектелип кармалышкан. ИИМдин жана Чүй ОИИББинин ыкчам иликтөө кызматкерлери качып кеткен кылмышка шектүүлөрдү издөө иштерин күчөтүлгөн тартипте жүргүзүүдө. Ал эми Бишкек ШИИББи тарабынан “Колго түшүрүү” операциясы жарыяланган болчу.

Патрулдук милиция кызматкерлери тарабынан 28-ноябрга караган түнү Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайынан качып кеткен 4 жарандын экөө, тактап айтканда, Бакыт Дилдешов менен Рамиль Базаркулов кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
almanbetperm
2017-11-28 21:49:57
Ошол элеби
+1
Syn4y
2017-11-28 21:57:30
almanbetperm,ии
+1
evra_kg
2017-11-29 00:02:36
Кордум ведиосун жанындагы турган омон урганын байкасанар
Тобоо ушинтип эле мойнуна коюп коёт экендеп калдым коркуп турушат
+2
maks94.kb
2017-11-29 08:41:58
И.М.а.м м. А дебей толук маалымат берсеңер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан