Голливуд жылдызы, белгилүү актриса Николь Кидманга жолдошу австралиялык ырчы Кит Урбан Манхэттенде жайгашкан, баасы 39 миллион долларды чапчыган үй белек кылды. Бул тууралуу кечээ, 28-ноябрда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты. Маалыматтарга таянсак, 17 бөлмөлүү бул хан сарай XIX кылымда курулган жана аянты миң чарчы метрден ашуун. Ошондой эле бул үйдө мурда сүрөтчү Марк Шагал, ырчы Майкл Жексон да жашаган. Акыркы кожоюну миллиардер Марк Лазри бул үйдү 2001-жылы 11 миллионго сатып алган жана 39 миллион долларга саткан. Марк Лазри бул үй ошол баага татыктуу деп ойлосо, актриса жана анын жолдошу үй оңдоп-түзөөгө муктаж экендигин айтышкан.