"Грэмми" сыйлыгына көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси аныкталды

Американын музыка тармагындагы эң көрүнүктүү сыйлык тапшыруу аземдеринин бири "Грэмми" - 2 айдан соң, тактап айтканда, 2018-жылдын 28-январында өтөт. Ага карабастан сыйлыкка көрсөтүлгөн атактуулардын тизмеси белгилүү болуп, алар 81 наам боюнча ат салышары аныкталды.

Алардын ичинен эң маанилүү талапкерлер жөнүндө айтсак, орустун белгилүү опера ырчысы Дмитрий Хворостовский каза болгонуна карабай бул сыйлыкка көрсөтүлдү. Эске салсак, ал 22-ноябрда ооруканалардын биринен каза болгон.

Ал эми "Грэмми" сыйлыгына эң көп наам боюнча көрсөтүлгөндөр Жей Зи, Кендрик Ламар, Бруно Марс жана ырчы Khalid. Ал эми "Despacito" ыры наамга көрсөтүлгөн эң биринчи англис эмес, чет тилиндеги чыгарма болгон.

Ошондой эле Леди Гага, Imagine Dragons, The Weeknd, Тейлор Свифт, Кеша, Эд Ширан, Migos, Рианна жана башкалар да аталган сыйлыкка көрсөтүлүшкөн.

"Грэмми" сыйлыгы - 1958-жылдан бери чыгармачылыкта эмгектенген белгилүү жылдыздардын эмгектерин баалап, аларды ар түрдүү наамдар боюнча сыйлыкка көрсөтүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан