АКШда Даун синдрому менен жабыркаган кыз биринчи жолу сулуулук сынагын жеңди

АКШнын Миннесота штатында өткөн сулуулук сынагында Даун синдрому менен жабыркаган кыз алгачкы ирет 1-орунга ээ болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, 22 жаштагы Микайла Холмгрен буга чейин бир канча сулуулук сынактарына катышып келген. Бирок алар ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген гана кыздардын арасында өткөн сынактар эле.

Калыстар тобу Холмгренди өзгөчө жылмаюусу жана мыкты бий аткарганы үчүн жеңишке көрсөтүшкөнүн билдиришкен. Белгилүү болгондой, ал бий менен 6 жашынан баштап машыгып келген. Ал эми сынактын аткаруучу директору Дениз Уоллис калыстардын чечимине абдан ыраазы болгонун айткан.

"Микайла менен ким гана болбосун 5 мүнөт баарлашып көрсө, анын чоң мүмкүнчүлүктөрүнө баа берет", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Abdullatif
2017-11-29 13:37:42
Ал кандай оору болду экен
0
admin_superstan
2017-11-29 13:44:06
Abdullatif, саламатсызбы! Маалыматты бул шилтемеден окусаңыз болот. http://www.super.kg/kabar/news/105289/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан