Назира Жетигенова: "Жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасатайын деп жатам, муну жашырбайм"

Саналуу мүнөттөрдөн кийин SUPER.KG порталынын түз эфиринде куудул Назира Жетигенованын маеги башталат. 20 жылдан ашык убакыттан бери сахнада жүрүп, Кыргыз шоу-бизнесинин көрүнүктүү өкүлүнө айланган куудул, алып баруучу, актриса Назира Жетигенованын чыгармачылыгы, ийгилик сырлары, жеке жашоосу, келечек пландары тууралуу кызыккан суроолоруңуз болсо бул мүмкүнчүлүктү пайдаланып суроо узатыңыз.

Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.

Суроолорго түз эфир жүрүп жаткан учурда ушул кабардын астына комментарий жазып, жооп алсаңыздар болот.

15:00 Куудул Назира Жетигенова SUPER.KG порталынын түз эфирине кечигүүдө.

15:20 Эфир башталды. Назира Жетигенова алып баруучунун ойготкуч суроолоруна жооп берүүдө.

15:24 Назира Жетигенова өзүнүн ата-энеси, үй-бүлөсү тууралуу айтып берүүдө. "Апам кээде менин тамашамды түшүнбөй таарынып калат. Өткөндө апамдын 70 жылдыгын берип той өткөргөнбүз, ошондо каалоо-тилек айтып жатып эми 30 жыл жашап 100гө чыкпасаңыз өлтүрөм деп койсом түшүнбөй калып кичине таарынды. Бирок убакыт өткөндөн кийин кайра ал тамашама күлүп калыптыр", - дейт куудул.

15:28 Суроо: Айымдар жашоосунда өзгөрүү болгондо чач жасалгасын өзгөртөт дейт буга кандай карайсыз?

"Мен деле бардык айымдардай эле жашоомдо кандайдыр бир өзгөрүү болсо чач жасалгамды өзгөртөм. Мындан сырткары жакында жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасатайын деп дарыгерлер менен сүйлөшүп койдум. Эң биринчи мурдумдан баштайын деп жатам. Көп жакын досторум, жакындарымдын айтуусу боюнча мурдумдун формасы башкача. Буюрса, жакында күйөрмандарым башка Назираны көрүп калышат, ошол себептен жашырбастан алдын ала айтып койгон жакшы го деп ойлойм", - деп жооп берди куудул.

15:32 "Азыркы тапта токтоо болуп калдыңыз. Таене болгондон кийин кандай кемчиликтериңизди байкадыңыз" деген окурмандын суроосуна куудул: "Таене болгондон кийин кичине токтолдум, неберелеримди ушунча жакшы көрөм. Алардын элесинде үлгүлүү таене бойдон калгым келет. Ошол себептен эс алуу күндөрү колум бошоп калса эле аларды көчөгө алып чыгып ойнотуп келем. Азыркы мезгилден баштап аларды спортко аралаштыра баштадым", - деп жооп узатты Назира Жетигенова.

15:36 "Күйөө баламдын улуту башка болгону менен аябай жакшы, сулуу. Ар дайым мага болгон сый-урматын көрсөтүп турат. Азыркы тапта чогуу турабыз, күч күйөө болдум деп намыстанбайт. Кесиби боюнча ашпозчу", - дейт куудул.

15:41 "10 жылдан бери тамадалык кылып келем. Өзүмдү эч качан жарнама кылган эмесмин. Элдер бири-биринен угуп эле чакыра беришет. Тойдо көптөгөн кызыктуу окуялар болот. Эфирде алып баруучулук кылгандан көрө той алып барган деле жакшы", - дейт Назира Жетигенова.

15:44 Суроо: Дайыр Исмадияров менен болгон клибиңиз жарык көргөндөн кийин кандай сын-пикирлерди уктуңуз, сизди Дайыр менен жакын мамиледе деп көп угабыз буга кандай жооп бересиз?

Жооп: "Бул тамашалуу ыр, Дайыр экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамиле жок, болгону эже-ини катары сый мамилебиз бар. Бул ыр өзүмдүн купулума толгон эмес. Негизи ырды жаздыруу тууралуу сунушту мен киргизгем".

15:47 "Дайыр менен Гүлжайна Атаканова экөөбүз көп иштешип калдык. Ошол себептен ага кеп-кеңешибизди көп эле айттык. Жубайы менен эки ажырым жолго түшүп жаткан мезгилде дагы, үй-бүлөңдү сактап кал деп көп эле айттык. Бирок ар бир адам өз турмушун өзү билет экен. Баласынын атын Дастан деп койбойсуңбу деп мен сунуштагам, анткени мен уулдуу болсом атын Дастан койгум келчү", - дейт куудул.

15:49 "Жолдошум экөөбүз 23 жыл мурун эки ажырым жолго түшкөнүбүзгө карабай кыздарым атасы менен дайыма катышып турушат мен алардын мамилесин эч чектебейм. Ал эми мурунку жолдошумду эки ажырым жолго түшкөндөн бери көрө элек болчумун. Быйыл ал жашаган жерге концерт коюп барып жолугуп калдым. Саламыбыз түз", - деди Назира айым.

15:52 Эфирде Назира Жетигенованын катышуусундагы "Фирма кошокчу" тамашасы орун алды.

15:57 Окурмандын "Кантип арыктадыңыз?" деген суроосуна Назира Жетигенова "Ар бир адамдын өзүнөн. Мен болсо йогага барып, диета кармап, бассейнге барып, үйдөн атайын көнүгүүлөрдү жасап арыктадым. Азыркы тапта атайын бир арыктатуучу каражат ичип жатам, бирок ал бардык эле адамдарга боло бербейт экен", - дейт Жетигенова.

16:00 Суроо: Күйөрмандарыңыз көп, арасында сүйүүсүн арнагандар барбы?

Жооп: "Колумду сурагандар көп. Бирок азыркы тапта жүрөгүмө жаккан адамды жолуктура элекмин. Эгерде андай адамга жолуксам анын материалдык абалына, жашына карабастан сунушуна макул болмокмун", - дейт куудул.

16:06 "Жаш жигиттер көп эле тийишет эмне себептен экенин билбейм, аны эч качан жашырбайм. Бирок эгерде жактырып калсам жашына карабай турмушка чыга берем. Мага негизинен бою узун, чымыр денелүү, чечкиндүү мырзалар жагат. Эң негизгиси мени башкара билүүсү керек", - дейт куудул.

16:09 Эфирде оюн орун алды.

16:12 Күйөрмандардын маанайын көтөрүп Назира Жетигенова анекдот айтып берди.

16:15 Назира Жетигенованын түз эфиридеги маеги соңуна чыкты.

Назира Жетигенова: "Жаш көрүнүү үчүн пластикалык операция жасатайын деп жатам, муну жашырбайм"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (20)
Hatali
2017-11-29 15:20:23
Мен Екатеринбург шаарынан суроо берип жатам.Озунузду маданияттуу назик аялдардын катарына кошосузбу?
0
kanzharskaya
2017-11-29 15:27:17
Саламатсызбы Назира эже, сиздер ар дайым Салам Кыргызстан телеберуусунон, Кыргызстан сиз учун эмне? Деп суроо бересиздер, эми бул суроого сиз жооп берсениз Кыргызстан сиз учун эмне?
-1
madrid7000
2017-11-29 15:29:00
Озунузду маданияттуу алып журсонуз жакшы болмок аял затына окшоп
+4
Kaninaiman
2017-11-29 15:29:54
Саламатсыздарбы супердин эмгек жамааты,Жана Назира Эже кандайсыз сизге чыгармачыл ийгилик мен сиздин сатираларынызды абдан жакшы кором кобунчо ымфркайды туураганыныз,суроом алгачкы жолу АПА болгондогу сезимдеринизди айтып берсениз?
-1
nurka_85
2017-11-29 15:30:14
Назира эже талантынызды сыйлайм. Кээде назик, кээде "эркекче" элестетем. Чыныгы Назира эже жашоодо кандай муноздорго ээ?
-3
Milashkaa
2017-11-29 15:30:56
Саламатсызбы? Уй булоонунз кыздарыныз жонундо айт кетесизби?
0
Milashkaa
2017-11-29 15:32:09
Максат сиздер да Назира айым кеткенден кийин олоооооо ушактап салгыла
+6
Zulya2
2017-11-29 15:32:10
Кандайсыз Назиранын Эже сизге суроо адамга эки жолу Бекер берилет учунчусун сатып аласын ал эмне...
-1
Snejana
2017-11-30 02:59:27
Zulya2,жообун айтып койчу, СУРАНЫЧ!
-1
Zulya2
2017-11-30 09:24:13
Snejana, тиш
-1
zara
2017-11-29 15:39:29
Назира эже, телеберуудон кийин конокторунарды аябай ушактайсынар го, бир чойронун адамысынар, кезиккенде абдан таарынбайбы сизге?
Ушактаган ошентип өзүӊүзгө жагабы? Кантип духуӊуз жетет ошончө эл алдында камерага ушактаганга )
+2
Elitta
2017-11-29 16:15:21
Пластикалык операция жасатпай эле койун Кудай берген он туско ыраазы болуш кк деп ойлоймун,артык кылам деп тыртык кылып албан да,Сизге суроом эмне учун Салам.Кыргызстан телеберуусундо Жайна анда санда келбей келеберет?Ошондой оорусу барбы же жумуштары коппу?Жайнага айтып койунчу куйурмандарын нервине тийбей жакшына иштесин а то 1ди коруп калгыча))) Ар бир адамдын оз орду бар эмеспи ал катышпаса кадимкидей давления боломун мен)
+6
Saidochka
2017-11-29 17:22:16
100Го чыкпасан олтуром дегени ото орой тамаша болуптур да,энени да ушинтип тамашалайбы,маданиятсыздык.
+9
Nanei
2017-11-29 19:23:14
Saidochka,туура. Энесине жылуу соз айтып койсо жетиштуу болмок. Олсон олосун,жузго чыкпссан олтуром деген калоо энеге ,апага тамаша иретинде да айтылбаш керек деп ойлойм.
+3
Aikoo2014
2017-11-29 19:51:00
Saidochka,


Менда ушул ойду айткым келген. Тообо кылдым.
+1
33SUUN
2017-11-29 18:41:29
Операцияны жон эле койчу досум.
+2
bekub1473kg
2017-11-30 02:36:38
Сураныч озгорбонуз озунуздун мурдунуз жакшына экен
+1
admin_superstan
2017-11-30 09:55:42
Nazaroff1974, Drongo, этика нормаларын сактаңыздар. Эскертүү!
0
admin_superstan
2017-11-30 09:56:34
rustamov.com, жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан