Бүгүн, 29-ноябрда өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Москвага иш сапары менен барып, анын алкагында Эл аралык КВН союзунун президенти Александр Масляков менен жолукту.
Айта кетсек, өткөн жумада экс-президент Алмазбек Атамбаев Масляковго эки элдин достугун бекемдөөгө жана бир канча жылдан бери маданиятка кошкон салымы үчүн "Достук" орденин ыйгарууну буйруган. Мындан улам Жээнбеков аталган сыйлыкты тапшырып, андан сырткары быйыл КВНдин "Жайкы Чемпиондук Кубогун" Ысык-Көлдө өткөрүүнү сунуштаган.
"Мен ушул кезге чейин Ысык-Көлгө жете элекмин, сунушуңуз жакшы экен" деп жооп берген Масляков.