Чет элдик басылмалар жыл аяктап бара жаткандыгына байланыштуу 2017-жылдагы эң популярдуу интернеттеги социалдык тармактын колдонуучуларын аныкташты.
Белгилүү болгондой, сүрөттөрү эң көп "жакты" белгисине татыган белгилүүлөр Бейонсе, Криштиану Роналду жана Селена Гомес. Тактап айтканда, Бейонсенин кош бойлуу кезинде жарыялаган сүрөтү жана Роналдунун кыздуу болгондугун сүйүнчүлөп жүктөгөн фотосу 11 миллиондон ашуун "жакты" белгисине ээ болсо, Селена Гоместин курбусу менен ооруканада жаткан сүрөтү 10 миллиондон ашуун "жакты" белгисине татыган.
Ал эми былтыркы жылы интернеттеги социалдык тармакта эң көп катталуучусу бар деп америкалык актриса жана ырчы Селена Гомес табылса, быйыл да бул тизменин алгачкы сабынан дал ушул актрисаны көрүүгө болот.
Тизме:
1. Селена Гомес - 130 миллион адам катталган;
2. Ариана Гранде - 115 миллион;
3. Криштиану Роналду - 115 миллион;
4. Бейонсе - 108 миллион;
5. Ким Кардашьян - 104 миллион;
6. Тейлор Свифт - 104 миллион;
7. Кайли Женнер - 99,5 миллион;
8. Дуэйн Жонсон - 96 миллион;
9. Жастин Бибер - 93,9 миллион;
10. Кедалл Женнер - 84,8 миллион;
Ал эми интернеттин колдонуучулары геолокациядан эң көп белгилеген шаарлар Нью-Йорк, Лондон жана Москва деп табылган.