Ирандын Тегеран шаарынын Сахар Табар аттуу 20 жаштагы жашоочусу америкалык актриса Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50гө жакын пластикалык операцияны башынан өткөргөн. Мындай маалыматты ал түрк басылмаларына айтып берген.
Анын айтымында, кумирине окшошуу үчүн ал диета кармап, баштапкы салмагынан 40 килограммга чейин арыктаган.
Сахар Табар ар бир операцияны кубануу менен кабыл аларын билдирген. Интернеттеги баракчасына байма-бай сүрөттөрүн киргизип, уламдан-улам Голливуд актрисасына окшошуп бара жатканын жазат. Анткени менен интернет колдонуучулардын көбү Сахардын аракети тескери жыйынтык берип жатканын билдиришет.
Анжелина Жолинин чектен ашкан фанатынын операцияларга чейинки сүрөттөрүн көргөндөрдүн арасында ага нааразы болгондор көп. Көпчүлүгү бул кызды мындай ыксыз операциялардан эмне үчүн эч ким токтотуп калган эмес деп суроо салышкан.