Учурда 558 фура Казакстанга өтүү үчүн чек арада кезекте турат

Кыргыз-Казак чек арасында абал дээрлик өзгөрүүсүз. Мамлекеттик чек ара кызматынан коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн өкүлү Салкын Абдыкариеванын SUPER.KG'ге билдиргенине таянсак, учурда 558 фура Казакстанга өтүү үчүн чек арада кезекте турат.

"Бүгүн эртең мененки саат 08:00гө карата "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында 483 фура, "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайында 75 фура, "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайында 30 жеңил унаа кезекте турат. Ал эми калган "Ак-Жол", "Кең-Булуң", "Токмок" көзөмөл-өткөрүү жайларында унаалардын жана адамдардын тыгыны жок", - деди Абдыкариева.

Айта кетсек, Кыргыз-Казак чек арасындагы тоскоолдуктар ушул жылдын 10-октябрында жаралып, ошол күндөн бери бир канча оор жүк ташуучу унаалар жүк алып өтө албай кезекте турган.

Өкмөт башчы Сапар Исаков 18-октябрда Астанага барып эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзгөндөн кийин жүргүнчүлөргө жол ачылып, бирок жүк алып өтүү маселеси чечилген эмес. Ереван шаарында Евразия өкмөттөр аралык кеңештин алкагында маселени чечүү үчүн иштелип чыккан жол картага кол коюлмак. Бирок Казакстандын өкмөт башчысы Бакытжан Сагинтаев кол коюудан баш тартып койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Lekarstvosvoegomuja
2017-11-30 11:18:36
Ммда! Атамбаев! Жыргатып кетиптирсин элди! Озундун камынды ойлобой элди ойлобойсунбу! Же эмне президенттике толбой калган байлыгынды топтогонго келдин беле?
+2
nur8777
2017-11-30 14:37:42
Президент Жээнбеков Орусияга барбай,казакстанга барбайбы биринчи кезекте
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан