"Үйдө жалгыз" тасмасы аркылуу таанымал Маколей Калкин менен америкалык актриса Бренда Сонгдун кыз-жигит экени айтылууда

Бир кезде "Үйдө жалгыз" тасмасы аркылуу эл оозуна алынып, бирок бой тарткан соң кино тармагынан алыстап кеткен Маколей Калкин соңку учурда күйөрмандарын кубантып келет. Тактап айтканда, мурда арыктап, чачы өсүп, жүдөп жүргөн сүрөттөрү коомчулукка жарыяланып келсе, ушул жылдын жай айларында анын келбети оңолуп, узун чачы кыскарып, дүкөндө жүргөн учурун папараццичилер сүрөткө тартып алышкан.

Андан соң актёр кайрадан тасма жаатына аралашып, жаңы тартылып жаткан фильмдердин биринде роль аткарып жүргөнү маалым болсо, жакында эле чет элдик журналисттер аны белгилүү америкалык актриса Бренда Сонг менен бирге Парижде жүргөнүн байкап, сүрөткө тартып алышкан. Анда экөө шаардагы дүкөндөрдүн биринен чыгып келе жатышкан. Журналисттердин маалыматына таянсак, Калкин актрисага кийим-кечектерден сырткары ак түстөгү жумшак оюнчук алып берген.

"Калкин менен Сонгду кыз-жигит деген кептер ушул жылдын башынан тарта айтылып келет. Бирок эки жылдыз тең бул тууралуу билдирүү таратыша элек. Эгер чынында эле ушундай болсо, демек, Бренда Сонг актёрдун жүрүм-турумунун оңолушуна жакшы таасир тийгизип жатканын айта кетпесек болбос", - деп жазылган маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
APCEH
2017-11-30 12:34:31
Жакында баардык телеканалдардан чыгат.))
+1
Medinaa
2017-11-30 13:40:17
Чоңойткубуз келбейт Кевинди)
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан