1-июндагы катуу шамалдын айынан өлкөдөгү ондогон үйлөр, мектептердин чатырлары талкаланып, электр чубалгылары үзүлдү. ӨКМ билдиргендей, Талас облусундагы Кеңеш айылында 6 үйдүн чатырын шамал учуруп, 1 зым карагай кулаган жана 100 метр электр чубалгысы үзүлгөн. Сары-Булак айылында 5 үйдүн чатырынын 36 даана шифери талкаланган. Кара-Ой айылында 7 үйдүн чатырын шамал жулуп кеткен. Ал эми Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы спорттук мектептин 112 чарчы метр чатырын шамал учурган. Келтирилген чыгымдардын болжолдуу суммасы 41 миң сомду түздү.