Кыргыз Республикасы 2017-жылдын декабрь айынан баштап 2018-жылдын март айына чейин Өзбекстанга 550 миллион кВт электр энергиясын экспорттойт. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улуттук энергетикалык холдинг компаниясынан кабарлашты.
Маалым болгондой, электр энергияны экспорттоо боюнча эки тараптуу келишимге кол коюлган.
"Келишим түзүлгөн. Анын негизинде 4 ай аралыгында 550 миллион кВт электр энергияны экспорттойбуз. 1 кВт 2,4 центке бааланып, экспорттун жалпы баасы 13 миллион долларды түзөт. Бул кошумча киреше", - деп билдиришти мекемеден.
Ушул жылдын 1-октябрына карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 19,6 миллиард куб метрди түзгөн болсо, учурда 18,8 миллиард куб метрди түзөт.