
Бириккен улуттар уюму 1988-жылы 1-декабрды СПИДге каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү деп жарыялаган. Ал эми 1996-жылы СПИДге каршы "Бириккен программа" кабыл алынган. Дал ушул жылы Кыргыз өлкөсүндө СПИДди алып жүргөн эң биринчи учур катталган.
Айрым маалыматтар боюнча, мындан 91 жыл мурда СПИД илдети айыккыс дарт болуп саналып, кооптуу жана жугуштуу болгондуктан ХХ кылымдын кара тумоосу (чума) деп аташкан.
ВИЧ жана СПИД деген эмне? ВИЧ же кыргыз тилинде АИВ деп айтылат. Ал - адамдын иммун жетишсиздик вирусу дегенден кыскартылган. ВИЧ илдетине кабылган бейтаптар вирустун организминде бар экенин көпкө чейин сезишпейт.
СПИД же кыргыз тилинде ЖИКС - жуктурулган иммун жетишсиздик синдрому. Бул оорунун акыркы баскычы. Акыркы баскычта адамдын иммундук системи начарлап, организм түрдүү оорулар менен күрөшө албай калат. СПИДди айыктыруу мүмкүн болбогондуктан бул илдет менен жабыркагандар кургак учук, өпкөгө суук тийген, коркунучтуу шишик жана башка ооруларга кабылса, ал оорулар организмде өтө тездик менен өөрчүп, өлүмгө алып келет.
Бир катар окумуштуулардын иликтөөсүнө ылайык, ВИЧ - 1926-жылы адамдарга маймылдан жуккан. Конго Республикасында 1959-жылы эркек адам белгисиз дарттан каза болгон. Дарыгерлердин көп убакытка созулган изилдөөлөрүнүн жыйынтыгынан кийин анын өлүмүнө СПИД оорусу себеп болгону аныкталган. АКШда СПИД оорусу биринчи жолу 1969-жылы сойкулардан аныкталган.
Дүйнөдө ВИЧ/СПИДден канча адам жабыркайт?
- 2016-жылы дүйнөдө ВИЧ оорусу менен жашагандардын саны 36,7 миллион адамды түзгөн.
- 2016-жылы ВИЧти 1,8 миллион адам жугузуп алган.
- 2016-жылы СПИД оорусунан көз жумгандар 1 миллионго жеткен.
1-декабрга карата жылнаама.