ЖЫЛНААМА, 1-ДЕКАБРЬ: Стендап-комедия өнөрү менен таанылып, "Оскар" сыйлыгына татыган актёр, юморист Вуди Аллен 82 жашка чыкты

Белгилүү америкалык актёр, кинорежиссёр, юморист "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарынын ээси Вуди Аллен бүгүн, 1-декабрда 82 жашка толду.

Вудинин бала чагы

Вуди Аллендин толук аты-жөнү Аллен Стюарт Конигсберг. Ал сүйүктүү жаз музыканты Вуди Хермандын атынан өзүн Вуди атап алган. Аллен Американын Нью-Йорк шаарында 1935-жылы жарык дүйнөгө келген. Окуучу кезинде Вудини көпчүлүк тааныштары "Сары" деп атап коюшкан. Мектептеги кезинен тартып эле акча табуу максатында жергиликтүү гезит үчүн ар кандай тамашаларды жазып иштей баштаган. Гезиттин редакциясы баланын тубаса талантын байкап, ал жазган эмгектерди ар кандай телешоу берүүлөргө сата башташат. Мектепти аяктаган соң Нью-Йорк шаардык университетине кинематография жана коммуникация бөлүмүнө тапшырат. Көп өтпөй окуудан четтетилет.

Чыгармачылыгынын башталышы

Окуудан четтегенден кийин өзүнүн жакшы көргөн иши менен алек болууну чечкен Вуди белгилүү юморист Герберт Шрайнер менен сүйлөшүп, ал үчүн сценарийлерди жаза баштайт. 1954-жылдан тартып ал белгилүү "Кечки шоу", "Сизар сааты" жана башка көптөгөн телекөрсөтүүлөр үчүн сценарий жаза баштайт. Бул убакыт ичинде анын айлык акысы көтөрүлүп ал жумасына 1500 доллардан ашык акча алып турган. 1961-жылы көрүүчүлөрдүн алдында жаңы образда Stand-up comedy берүүсүндө сахнага чыгып өнөрүн тартуулайт.

Кино дүйнөсүндөгү алгачкы кадамдар

Көптөгөн кино сынчылардын баамында Вуди Аллендин чыгармачылыгы автордук кинонун мыкты үлгүсү. Ал жараткан көпчүлүк тасмаларды сценарийин өзү жазып, башкы каармандын образын өзү жаратып, өзү режиссёр да болот. Анын биринчи тасмасы "Эмне жаңылык, чырагым?" деген аталышта чыккан. Комедиялык жанрдагы бул тасма Вуди Алленге актёр катары популярдуулукту алып келет. Мындан сырткары ал "Акчаны ал дагы кач", "Сэм, дагы бир жолу ойночу", "Манхэттен", "Майда уурулар", "Нефрит чаянынын каргышы", "Күчтүү Афродита" жана башка көптөгөн тасмаларды жараткан. Вуди Аллен көп ирет "Оскар", "Алтын глобус" сыйлыктарын алган.

Жеке жашоосу
Аллен алгачкы жолу 1956-жылы Харлин Розенге баш кошкон, бирок ортодон беш жыл өткөн соң экөө ажырашып кеткен. Режиссёрдун экинчи жубайы Луиза Лассер менен 1966-жылы баш кошуп, үч жыл бирге түтүн булаткан. Ал эми 1970-жылы Вуди актриса Дайан Китонго баш кошкон. Китон менен болгон мамиле Вудинин чыгармачылыгына көптөгөн жаңылыктарды алып келген. Бирок бул мамилеси да көпкө созулган эмес. 1980-жылы Вуди анын 13 тасмасында башкы ролду жараткан актриса Миэй Фэрроу менен мамиле түзө баштайт. Жыйынтыгында алар үйлөнүп Ронан аттуу уулдуу болушат. 12 жылга созулган мамилелер бузулуп, түгөйлөр ажырашат. 1997-жылы Вуди Ален 22 жаштагы Сун-и Превенге баш кошот.
Актёр менен анын жубайы Сун-и Превен
1-декабрдын жылнаамасы.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан