2012-жылдын декабрь айында Алай районунда кар көчкүнүн астында калган орусиялык жарандын денеси изделүүдө

Ош облусунун Алай районунда 2012-жылдын 28-декабрь күнү Орусиянын жараны, 1973-жылы туулган С. В.Чернышов Жаңы-Айдар-Така коктусунда кар көчкүнүн астында калып каза болгон. Ошол кезде издөө иштери куткаруучуларга кооптуу болгондуктан, Орусия жана кыргыз тарап сүйлөшүп, бир чечим менен  издөө иштери жай мезгилине жылдырылган. 1-июнь күнү ӨКМнын республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын 6 куткаруучусу, Орусиядан келген 2 турист, 7 альпинист, Бишкек шаарынан 3 альпинист окуя болгон жерге жөнөп кетишти. Издөө иштери бүгүн, 3-июнь күнү улантыларын ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан