Жакында президент Жээнбековдон сыйлык алган Масляков директорлук кызматтан кетти

1-декабрда Александр Масляков “Планета КВН” борборунун директорлук кызматынан өз каалоосу менен бошотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымат боюнча, КВН биримдиги билдиргендей, Масляковду кызматтан кетирүү процедурасы 2017-жылдын башында эле демилгеленген. Бирок ар кандай жагдайларга байланыштуу, кээ бир бюрократиялык учурлардан улам процесс созулуп кеткенин айтышты.

Буга чейин Transparency International уюму Масляков борбордун директору болуп турганда “Александр Масляков жана компания” бирикмесине “Гавана” кинотеатрын өткөрүп жибергенин жарыялаган. 2017-жылы май айында прокуратура текшерүү жүргүзгөн. Алар иш Москванын мүлк департаменти менен макулдашылып жасалганын аныкташкан.

Эске салсак, президент Сооронбай Жээнбеков Александр Масляков Кыргыз-Орус ортосундагы достукту чыңдоого кошкон салымы үчүн ага "Достук" орденин тапшырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
aerforce
2017-12-02 00:21:58
кече эле Соке суйлошуп келди элего
+5
Akjolmaga
2017-12-02 11:41:40
Соке баарын жайлайт окшойт, жакында ашанын кулагына суу куятко буюрса
+4
Almanbet.95
2017-12-02 01:50:38
Демек колдо жайкы фестиваль болбойт
+2
Dembele84
2017-12-02 05:26:54
Путин КВНге деп берген театрды оз уй булосунун кызыкчылыгы учун иштетип,мыйзамсыз иштерди жасаган деп да шектелип жатат
0
nurbekasr
2017-12-02 08:06:54
Масляковго берген сыйлыкты өзүбүздүн адамдарга берсе болот эле.Мыты врач мугалимдер артист куудулдар бар эле,сыйлык берсе шыктанып иштээр эле.Мисалы Рахман,Пбдылда ж б...
+3
Nazaroff1974
2017-12-03 08:50:28
nurbekasr,Пбдылдаларга бербейт го,берсе западло болуп калат.Алар(пбдылдалар)бийликтин ХХХХ чукуп турушат да.Э бийликтин кузгун,паразиттери бербесе да эл баалашат пбдыкелерди
+1
kechirmeni
2017-12-02 09:01:09
Биздикилер облом болуптур да, анын кетишин билгенде бербесе керек эле
+1
jbolotov
2017-12-02 11:33:45
Кайран гана Жээнбеков, орденди озу барып бир куудулга бергени Кыргыз бийлигинин беделин тушурду. Мен болсом ал татыктуубу анан Бишкеке чакырып бермекмин. Жээнбековду Путин эмес Медведевда аэропорттон тосуп албаганы бул тоготбогону болду.
+5
Azatbek83
2017-12-02 16:26:59
Сокени эч ким тосуп албады!
0
Aruwka.89
2017-12-02 20:23:24
Балким жакшы иштеп береер жакшы умут кылалы
Тоготподу деп эле озубузду басынтта бербей
0
take19
2017-12-02 21:26:04
Эмне кереги бар эле. Алып баруучуга алып барып орден берип. Беделин тушуруп. Алардын министри да келип орден такмак эмес кыргыздарга.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан