1-декабрда Москва шаарында 2018-жылы өтө турган футбол боюнча Дүйнө чемпиондугуна карата чүчү кулак ташталды. Анда 32 команда 8 тайпага бөлүндү. Ар бир тайпада 4 команда бар.
А Орусия, Уругвай, Египет, Сауд Арабиясы;
B Португалия, Испания, Иран, Марокко;
C Франция, Перу, Дания, Австралия;
D Аргентина, Хорватия, Исландия, Нигерия;
Е Бразилия, Швейцария, Коста-Рика, Сербия;
F Германия, Мексика, Швеция, Түштүк Корея;
G Бельгия, Англия, Тунис, Панама;
H Польша, Колумбия, Сенегал, Япония.
Айта кетсек, футбол боюнча Дүйнө чемпиондугу 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин Орусияда өтөт.