Ырчы Омар менен жубайы Диананын үйлөнүү үлпөт тою Бишкек шаарындагы тойканалардын биринде өтүп жатат.
Тойго эки жаштын жакындары, ошондой эле эстрада жылдыздары катышууда. Түгөйлөрдү тойго келген коноктордун алдына Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Гүлнур Сатылганова "Жар-жар" ыры менен алып кирди. Ал эми эстрада жылдыздары өздөрүнүн каалоо-тилектерин жана жагымдуу чыгармаларын арнап жатышат.