ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу башкармалыгы Мамлекеттик экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы менен биргеликте Бишкекте жашыруун иштеп жаткан казинону табышты. ИИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, кумаркананын ичинде 15 оюнчу жаран болгон. Столдор, оюн фишкалары жана 170 миң сом суммасындагы акча каражаттары колго түштү. Аталган факты боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.