"Интерны", "Универ" сериалдарындагы ролдору аркылуу таанымал орусиялык актёр Дмитрий Бушин 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, актёр баңгизатын жайылтуу боюнча айыпталып, өз күнөөсүн моюнуна алган.
"Мен каражат жагынан кыйналып, айла жоктон бул ишке бардым. Бирок өзүм баңгизатын колдонуп көргөн эмесмин", - деген ал.
Соттун чечими боюнча Бушин 8 жыл бою күчөтүлгөн режимде жаза өтөмөкчү.