Жыл сайын 4-декабрда өлкөдө "Манас" эпосунун күнү белгиленет. 2015-жылдын 27-апрелиндеги Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн №259-токтому менен 4-декабрь - “Манас” эпосунун күнү" деп жарыяланган.
"Манас" эпосунун күнүн белгилөөнүн негизги максаты - “Манас” эпосун сактоо жана анын кадыр-баркын көтөрүү, коргоо жана манас таануучуларга, эпосту алып жүрүүчүлөр болгон манасчыларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.
Дүйнө элдеринин баатырдык эпосторунун ичинен “Манас” эң көлөмдүү эпос болуп эсептелинет. Азыркы күндө эпостун жетимишке жакын варианты бар. Алардын ичинен эң көлөмдүүсү Саякбай Каралаевдин варианты – 500 553 сап ырдан турат. "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган.
Улуу эпостун күнүнө карата өлкөнүн бардык аймактарында иш-чаралар уюштурулат. Анда билим берүү жайларында, маданият үйлөрүндө "Манас" эпосунан үзүндүлөр айтылып, ал жөнүндө тартылган фильмдер көрсөтүлүп, жөө жүрүштөр уюштурулат.