2-июнь күнү Чүй облусунун Жайыл районундагы Бишкек-Ош унаа жолунун 77-чакырымынан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жолдун жээгиндеги бетонду сүзүп, тоголонуп кеткен. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматынын айтымында, автокырсыктан айдоочу менен 4 жүргүнчү денесинен ар кандай жараат алып, аймактык ооруканага жеткирилди. Учурда жол кырсыгынын келип чыгышы такталууда.