"Оушендин 11 досу" фильминин уландысы жарык көрөрү тууралуу көптөн бери айтылып келген. Жакында эле чет элдик басылмалар фильм качан жарык көрө турганын жана андагы образ жаратуучу актёрдук курам аныкталганын жазып чыгышты.
Маалым болгондой, фильмдин уландысы "Мисс Оушендин 8 курбусу" деп аталат. Ал жарым жылдан соң гана эл сынына коюлат. Анда башкы каармандардын ролун Кейт Бланшетт, Сандра Буллок, Энн Хэтэуэй, Дакота Фаннинг, Хелена Бонэм Картер, Кэти Холмс, Рианна, Оливия Манн, Мэтт Деймон аткарышса, экинчи пландагы каармандардын образын Ким Кардашьян, Кендалл жана Кайли Женнер, Жеймс Корден, Адриана Лима, Зейн Малик, Анна Винтур жана белгилүү теннисчилер Мария Шарапова менен Серена Уильямс аткарышат.
Аталган тасманын "Оушендин 11 досу" фильминен айырмачылыгы башкы каармандардын образында эркектер эмес, айымдар болмокчу.