"Манас" аэропортунан грузиялык "мыйзамдагы ууру" Илья Симония колго түштү

“Манас” аэропортунан Ильюха, Махо деген каймана аттары менен белгилүү грузиялык “мыйзамдагы ууру” Илья Симония колго түшүрүлдү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев билдирди. Анын маалыматына караганда, ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлерине 17-ноябрдан 18-ноябрга караган түнү Москвадан Бишкекке аталган "мыйзамдагы ууру" учуп келери жөнүндө маалымат түшкөн. Оперативдүү тергөө тобу аны “Манас” аэропортуна барып, учактан түшкөн жүргүнчүлөрдүн арасынан кармашкан. Илья Симониянын жанынан өзүнүн сүрөтү чапталып, бирок башка бирөөнүн наамына жазылган паспорт табылган. Учурда Симония КРнын Кылмыш жана жаза кодексинин 350-беренеси (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, сатып өткөрүү же пайдалануу) менен күнөөлөнүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан