Стилисттерден дагы бир жаңылык. Каш таажыга айланат

Стилисттер каш менен эмнелерди гана жасап көрүшкөн жок: боёп, өрүп, сүрөт тартып, ал гана эмес эки каштын ортосун терип да көрүштү. Жаңыдан визажисттик кесипке аралаша баштаган Софи Петерсон дагы бир жаңылык ойлоп тапты. Тагыраагы кашты жалтырактар менен кооздоо боюнча эксперимент жасап, жыйынтыгын таажы менен салыштырган.

"Мен алгач кашымды ар тарапка тарап көрдүм. Бир мезгилде карасам таажынын формасына окшошуп калыптыр. Анан эмнеге ушул каштын учтарына жалтырак чаптап, таажыга окшоштуруп койсом болбойт деп ойлондум. Жыйынтыгы өзүмө жакты. Албетте, күн сайын мындай каш менен жүрүү ыңгайсыз. Бирок жаңы жылдык кечелерге же кандайдыр бир майрамдарда кашты минтип кооздоп алуу ашыкча болбойт", - деген ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
maks94.kb
2017-12-05 08:59:12
Кылбаган ушул эле калды эле
Эми жанагы алыстан караганда каш жанына келсең карандаш болуп калган каштар кайра остурот экенда
+11
Pandora
2017-12-05 08:59:29
Кыйратыпсын,,,максатына жеткендирсин интернет жылдызы болуп
+8
BakytAliev
2017-12-05 09:05:16
Жаны жылда биздин кыздардын кашын коруп койгула эми
+7
daniyar93
2017-12-05 09:06:24
Ммм
0
General.kg
2017-12-05 09:20:38
Кайсы кашты мынтип жасамак эле карандаш мн боёлгон болсо!
+2
MUHLISA
2017-12-05 13:33:47
General.kg,хе хе жок болсо де
0
luuntik
2017-12-05 09:22:13
ушул кашты да жон койбойт экенда эми, мындайды обужоктор эле жасатпаса
+5
muslim87
2017-12-05 09:23:21
Сенин күнүнө беш жолу жасаган макияжыңан жасалма сулуулугуңан, жоолук оронуп күнүнө беш жолу даарат алып намаз окуган кыздын жүзү нурлуу жана жагымдуу.
+9
muslim87
2017-12-05 09:29:39
Негизи адам өзү жаралышы менен сулуу. Кудайдын жараткан сулуулугун чанып индээстерге окшоп ар жерине ардемени тагып алган адамдарга таң калам. киндик, мурун, ооз бүтүп эми каш калыптырда. Кайран каш ошо силерге чыккан.
+4
Bolunbo.kyrgyz
2017-12-05 09:46:36
Бей кылык
+3
kyrgyzka7
2017-12-05 10:49:37
Жакпады
+1
Baiana
2017-12-05 12:25:47
Эээээ тобаа европаны туурап аңга эле түшпөсөк, бпшка эч нерсе болбойбуз
+1
Elitta
2017-12-05 15:08:17
Конул айланды фотону коруп...жакпады такыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан