Батыш Африкадагы Гана мамлекетинин борбору Аккра шаарында турмуш-тиричилик техникаларынын 100 миллион тонналаган таштандылары ыргытылган жай бар. Ал жерге үтүк, компьютер, телевизор, ноутбук, музыкалык жабдыктар, мониторлор, айтор жарактан чыккан же жөн гана эскилиги жеткен буюмдар ыргытылат.
Таштанды ташталган бул жай "Agbogbloshie" (Агбогблоши) деп аталат. Дайым күйүп, түтүн жыттанып турат. Анткени менен бул жайда 3000ден ашык адам иштеп, андагы тетиктерди кураштырып, оңдоп сатып, эски бирок пайдаланганга жарай тургандарын өздөрүнүн күнүмдүк жашоосуна пайдаланышат.
Мындагы жумушчулардын топтогон буюмдарына суроо-талап жогору болгондуктан бул жай шаардын экономикасынын бир тармагы болуп саналат.
Бул жерге жыл сайын бир катар өлкөлөрдөн турмуш-тиричилик техникаларынын таштандылары төгүлүп турат.