Борбордо СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси болуп өттү

Бүгүн, 5-декабрда СССРдин Эл артисти Сайра Кийизбаеванын 100 жылдыгына арналган эскерүү кечеси жана сүрөт көргөзмөсү болуп өттү. Ага КРнын эл артисттери Асанбек Асакеев, Эсен Молдокулова, Эсен Нурмамбетова, Сайра Чоткараева жана башкалар катышты.

Эскерүүгө келген ар бир инсан Сайра Кийизбаева менен алгач кездешкен учурларын, аны менен болгон маектерин эстеп, ырчы тууралуу жакшы ой-пикирлери менен бөлүшүп жатышты. Алардын бири Бишкек шаардык мемориалдык музейлердин директору жана Сайра Кийизбаеванын окуучусу Арман Момаханова да буларга токтолуп өттү.

"Мен вокал боюнча 2 жылдык студияга тапшырып, Сайра Кийизбаевадан сабак алып калгам. Ал кезде болгону 20 сом стипендия алчубуз. Эртең менен сабакка келгенде курсагыбыз ачып, анча ырдай алчу эмеспиз. Ошондо эже (ред. Сайра Кийизбаева) сумкасынан болгон акчасын алып чыгып, "Алгач тамактанып келгиле, анан ырдайсыңар" деп бизди ашканага жиберчү. Кандай гана мээримдүү айым болгонун ушундан эле билсе болчудай", - деди ал.

Сайра Кийизбаева 1917-жылы 7-ноябрда Бишкек шаарындагы Төкөлдөш айылында туулган. Эң алгачкы Кыргыз ырчыларынын катарын толуктайт. 1957-жылдан тарта М.Күрөңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык, А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында вокал боюнча сабак берген. 1988-жылы 11-октябрда мезгилсиз дүйнө салып, сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан