Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда бүгүн, 3-июнда Акмат Бакиевдин иши каралат

Бүгүн, 3-июнда саат 15:00дө Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Курманбек Бакиевдин бир тууганы Акмат Бакиевдин иши каралат. Эске салсак, А.Бакиев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын №35-жатак абагында жаза мөөнөтүн өтөп жатып, ден-соолугунун начарлаганына байланыштуу 2012-жылдын 3-февралында "КафМедЦентрПлюс" клиникасына которулган. Ал эми 3-мартта клиникадан качып чыгып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен. Биринчи сот отуруму 2013-жылдын 20-майына белгиленген. Бул күнү мамлекеттик айыптоочунун келбегендигине байланыштуу, ишти кароо 3-июнга жылдырылган болчу. Ал эми Акмат Бакиевди сот айыптуу деп тапса, ал 3 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратыларын Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан