Улуу Британиянын ханзаадасы Гарри менен актриса Меган Маркл баш кошууга убадалашканын коомчулукка жарыялашкандан бери ага окшошууну каалагандардын саны арбып барат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, алгач көп кыздар анын кийинүү стилин туурашса, эми анын мурдуна суктангандар көбөйүп, пластикалык операция аркылуу дал ушул актрисаныкындай мурунга ээ болууну самаган кардарлардын саны өсүп бара жатканын британиялык пластикалык хирург Дэвид Канжелло айтып берген.
"Меган Марклдын мурду өтө идеалдуу. Соңку учурда мурундун формасын өзгөртүүнү каалаган кардарлардын көбү дал ушул кыздын сүрөтүн көтөрүп келишүүдө. Мурда мындай талап менен кайрылгандар дээрлик жокко эсе болчу", - деген ал.
Белгилей кетсек, буга чейин АКШда Иванка жана Меланья Трампка окшошууну каалап, пластикалык операция жасаткандардын саны басымдуулук кылары тууралуу жазганбыз.