Бүгүн, 5-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматы Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы Одессанын мурдагы облус башчысы Михаил Саакашвилини Киевдеги үйүнөн кармап кетишти. Чет элдик ЖМКлардын маалыматына таянсак, алгач ал өзү жашаган үйдүн чатырына чыгып кетип калгандыктан, Коопсуздук кызматтын жоокерлери анын үйүнүн эшигин талкалап кирип тинтүүгө алышкан. Андан кийин үйдүн чатырына чыгып Саакашвилини кармап түшүшкөн.
"Саакашвилини кармоо аракети жүрүп жатканын уккандан кийин бир канча тарапташы анын үйүнүн жанына чогулуп, саясатчыны алып кетүүгө тоскоолдук аракеттерин көрүшүп, кыйкырык салышты. Бир нече сааттан кийин алар Коопсуздук кызматынын кичи автобусун талкалап, Саакашвилини бошотушту", - деп жазышат басылмалар.
Өлкөнүн укук коргоо органы ал кылмыштуу топко жардам берген жана алардын кылмыш ишин жашырган деген негизде кармалганын түшүндүрүүдө. Украинанын мыйзамдарына ылайык, мындай аракети үчүн ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Анын жактоочусу Руслан Чернолуцкий Саакашвилини кармоодо күнөөлүү катары көрсөткөн эч кандай документ көрсөтүлбөгөнүн, бул саясий буйрутма болуп жатканын билдирүүдө.
Ноябрь айынын орто ченинде Михаил Саакашвили өзүнүн тарапташтары менен бирге Украинада нааразычылык акциясын өткөрүп, өлкөнүн президенти
Пётр Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштаган.