Бүгүн, 3-июнда Кытайдын Дэхуэй шаарындагы тоок этинин иштеп чыгаруучу "Баоюань" аттуу ишканадан өрт чыгып, анын кесепетинен 61 адам көз жумду. 41ге жакын адам денесинен ар кандай жаракат алып ооруканага жеткирилди. Бул ишканада 300гө жакын жумушчу иштегени айтылууда. Чет өлкөлүк ММКалардын билдирүүсү боюнча, ишканада техникалык эрежелердин сакталбаганынан улам жарылуу болгон. Куткаруу иштери улантылууда.