Бишкек шаары Жаңы жыл майрамына карата кооздоло баштады. Бүгүн, 5-декабрда "Ала-Тоо" аянтына балатынын каркасы коюлду.
Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, жаңы жылдык балаты 1 жуманын ичинде орнотулуп, жарыктары күйгүзүлөт.
"Балатынын бийиктиги 25 метрге жетет, учурда кандай жаңы жасалгалар орнотулары белгисиз", - деп билдирди шаардык мэриядан.
Эске салсак, өткөн жылы башкы балатынын бийиктиги 29 метрди түзсө, диаметри 12,5 метрге жеткен. Ага 1200 оюнчук жана улуттук стилдеги 77 жасалга, жылдызча түрүндөгү 60 светодиоддук жасалга жана 50 светодиоддук кар бүртүкчөлөрү, ошондой эле жалпысынан узундугу 2 чакырым 600 метр 260 гирлянда илинген.