Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 жолу пластикалык операция жасаткан делген кыз бул маалыматты четке какты

Голливуддун белгилүү актрисасы Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 жолу пластикалык операция жасаткан делген ирандык кыз Сахара Табар жогоруда аталган маалыматты четке какты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Белгилүү болгондой, Сахара буга чейин бир канча ирет пластикалык операцияны баштан кечирген, бирок 50 эмес. Ошондой эле анын интернетке жайылган түрү суук сүрөттөрү операциянын жыйынтыгы эмес, атайын макияж менен жасалган.

"Чынын айтсам, азыркы учурда боёктун жардамы менен каалагандай келбет тартып алса болот. Бирок ушундай жетишкендик заманда бул сүрөттөрдөгү келбетимди операциянын жыйынтыгы деп беришкен айрым маалымат булактарына абдан таң калдым. Биз эмне макияж менен технология жөнүндө түшүнүк калыптана элек XVIII кылымда жашап жатабызбы?" - деген ал.

Белгилей кетсек, буга чейин чет элдик маалымат каражаттарында 20 жаштагы ирандык кыз Анжелина Жолиге окшошуу үчүн 50 жолу пластикалык операция жасаткан деген маалымат тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Karban86
2017-12-06 00:13:02
Мышыгы сулуурак экенго
+10
aika0906
2017-12-06 00:19:57
коркунучтуу го..оруп алып эми каетип уктайм
-7
asi.gulum
2017-12-06 01:58:52
Пластикага эле окшошуп турат го.
-6
Akylai1989
2017-12-06 03:58:07
Жалгыз келаткан адамдын алдынан чыгып калса муну коргон киши дароо эле оо дуйного кетет ай...тушко кирсе ойгонбой калчудаймын)))))
-5
NURTILEK_KG
2017-12-06 07:18:36
Akylai1989,кудай сактасын деее...
-3
Akjolmaga
2017-12-06 08:46:20
Башыңар менен дөөдүрөй бересиңер баарыңар. Адамдын келбети ошондой болмок беле грим макияж дегенди түшүнбөйсүңөрбү
+12
meni_kut
2017-12-06 10:15:50
Akjolmaga, жазылып турса деле адамдар дооруй беришет. До макияжа биринчи сурот, экинчиде макияж мн туру суук жасаган, мурдуна атайын улап.
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан