2-июнь күнү, саат 20:15терде Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Төмөнкү Ала-Арча айылында жол кырсыгы катталды. Toyota Mark II унаасы “Карагачёвая” жогорку чыңалуудагы электр подстанциясынан тараган аба чубалгыларынын 1 мамысын сүзүп кулаткан. Кырсыктын натыйжасында аталган айылдын үчтөн бир бөлүгү электр жарыгысыз калган. Аймактын негизги бөлүгүн электр менен камсыз кылуу ошол эле күнү калыбына келтирилип, калган 200 үйгө жарык бериле элек.