Саакашвили Киевде тарапташтары менен митингге чыгып президент Порошенконун кызматтан кетишин талап кылууда

Грузиянын мурдагы президенти, Украинадагы Одессанын мурдагы облус башчысы Михаил Саакашвили тарапташтары менен бирге Жогорку Раданын алдына чогулуп митинг өткөрүүдө. Саакашвили Жогорку Раданын депутаттарын тез арада Украинанын президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоого добуш берүүгө чакырып, ошондой эле башкы прокурор Юрий Луценконун кызматтан кетүүсүн талап кылууда. Айтылган талаптар аткарылмайынча Жогорку Раданын алдынан эч кайда жылбай турганын белгиледи. Митингге миңден ашуун адам катышып жатканын чет элдик ЖМКлар жазууда.

Ал арада өлкөнүн Башкы прокуратурасы Саакашвилинин Коопсуздук кызматынын жоокерлеринен тарапташтары тарабынан бошотулуп кетиши боюнча кылмыш ишин козгоп, өзүнө издөө жарыялады.

5-декабрда Украинанын Коопсуздук кызматынын жоокерлери Саакашвилини Киевдеги өзү жашаган үйдүн чатырынан кармап түшүп, алып кетүү үчүн унаага салышкан. Бирок көп өтпөй тарапташтары Коопсуздук кызматынын унаасын талкалап, Саакашвилини бошотуп алышкан. Андан кийин саясатчы тарапташтарын ээрчитип алып Жогорку Раданын алдына барып митинг баштаган.
Өлкөнүн укук коргоо органы аны кылмыштуу топко жардам берген жана алардын кылмыш ишин жашырган деген негизде айыптоодо. Украинанын мыйзамдарына ылайык, мындай аракети үчүн ал 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.
Анын жактоочусу Руслан Чернолуцкий Саакашвилини кармоодо күнөөлүү катары көрсөткөн эч кандай документ көрсөтүлбөгөнүн айтып, бул аракеттерди саясий буюртма катары баалаган.
Ноябрь айынын орто ченинде Михаил Саакашвили өзүнүн тарапташтары менен бирге Украинада нааразычылык акциясын өткөрүп, өлкөнүн президенти Пётр Порошенкого импичмент жарыялоону сунуштаган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
KUBI
2017-12-06 00:51:08
Украина бир адамды камай албаса, журот экен жакында сирия болот.
0
Talgat89
2017-12-06 01:35:49
Бул жагы даана жаманды коногу бийлейт болуптур го
+2
roland
2017-12-06 01:41:58
Саакашвили күчтүү саясатчы экен
Я уважаю
+3
Дарыгер
2017-12-06 02:25:56
Американын акчасы башкы рольдо
-1
Дарыгер
2017-12-06 02:29:41
Жээнбеков АКШны колдосо биз оңой иштегем белек. Америкага кетип
-6
arawan
2017-12-06 04:00:41
бир убакта башка олконун башчысы эле эми минтип башка олкого келип чан салып жатат саакашвили кыйын саясатчы экен
0
ady-88
2017-12-06 08:29:15
Бул жакта Саакашвилинин ишенген Америкасы болгон учун каалашынча тайрандап жатат. Анткени Американын эн биринчи планы ушул Украинадан орусияга согуш ачуу.
0
Petrovka
2017-12-06 10:22:41
Саакашвилинин украинага кандай тиешеси бар билсенер маалымат бергилчи. Ал деген Грузиянын президенти болгон го. Анан кантип украинага барып саясатчы болуп калган
0
Anichka12
2017-12-06 10:56:59
Ошон учун коп окуш керек билиш учун.Саакашвили Грузия дан качып качкын статусн алган Украина ага жарандык берген эми Порошенконун гозуно тикен болуп жатат
-3
bayanis
2017-12-06 10:59:20
ушул Сакашвилли менен текебаев окшош эч бир президенттен коркпойт
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан