Кыргыздын белгилүү манасчылары мамлекет тарабынан сыйланышты

Манас күнүнө карата Кыргыздын белгилүү манасчылары мамлекет тарабынан сыйланышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчы Дөөлөт Сыдыков билдирди.

Маалым болгондой, манасчылар Дөөлөт Сыдыков, Талантаалы Бакчиев, Рыспай Исаков өлкөнүн маданиятын, руханий жана маданий баалуулуктарын сактоого жана чыңдоого, "Манас" элдик эпосун кеңири жайылтууга кошкон көрүнүктүү салымдары үчүн Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышкан. Ал эми Нурбек Талантбеков, Азиз Биймырза уулу "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына татыган болсо, Камил Мамадалиев менен Замирбек Баялиев премьер-министрдин кол саатына ээ болушкан.

Белгилей кетсек, "Манас", "Семетей", "Сейтек" эпостору 2013-жылдын 4-декабрында Баку шаарында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине катталган. Мындан улам өткөн жылдан тарта 4-декабрь Манас күнү деп белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан