Британиялык басылмалар "Дүйнөдөгү эң кичинекей сулууну" аныкташты. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, дүйнөнүн эң кичинекей сулуусу деп 6 жаштагы орус улутундагы Анастасия Князева табылган. Анын куурчактыкындай келбети жана көк көздөрү адамдын көңүлүн дароо өзүнө бурдуруп аларын жазышкан.
Анастасия Орусиядагы эң жаш модель. Ал 5 жашынан тарта бир канча моделдик агенттиктер менен келишим түзүп белгилүү бренддердин жарнамаларына тартылып келет. Жаш моделдин апасы Анна Князева социалдык тармактагы баракчасына кызынын фотосессия учурундагы жана күнүмдүк жашоодо тартылган сүрөттөрүн жүктөп келет, анын баракчасына катталган адамдардын саны 500 миңден ашуун.
Белгилей кетсек, буга чейин франциялык модель Тилан Блондо 6 жашынан тарта "Дүйнөнүн эң кичинекей сулуусу" аталып келген, учурда ал 16 жашка чыгып, дүйнөдөгү атактуу моделдердин катарын толуктайт.