Бир нече мүнөттөрдөн соң "Мен ашык", "Ак кептер" аталышындагы ырлары, "Туңгуюк", "Мезгил жана Алыкул" жана башка бир топ тасмалардагы ролдору аркылуу таанымал ырчы жана актриса Гүлнур Асанованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталат. Ырчынын чыгармачылыгы же жеке жашоосу тууралуу сизди кызыктырган суроолор болсо узатып, түз эфир учурунда жооп алсаңыз болот.
Эскерте кетсек, жиберилген суроолор редакция тарабынан иргелет. Мааниси окшош, кайталанма суроолор эфирге чыгарылбайт.
Суроолорду түз эфир жүрүп жаткан учурда "Соңку кабар" аркылуу комментарий жазып жооп алсаңыздар болот.
15:00 Гүлнур Асанованын SUPER.KG порталынын түз эфириндеги маеги башталды, ырчы алып баруучу даярдаган "Ойготкуч суроолорго" жооп берүүдө.
15:05 Суроо: "Күзгү жалбырак" тасмасына тартылганда канча жашта элеңиз?
"Эң алгач "Карагул ботом", "Туңгуюк" андан соң "Күзгү жалбырак" тасмасына тартылгам. Анда 9-класстын окуучусу элем. Жакында дагы бир мюзиклге тартылгам. Жакынкы күндөрү экрандан көрө аласыздар", - дейт ырчы.
15:07 Окурмандын "Социалдык тармактан элдин баарына жооп жазганга кантип үлгүрөсүз?" деген суроосуна, "Шарды деле катуу үйлөсөң жарылат го, андыктан кээде ашыкча эле терс билдирүү жазып жаткан колдонуучуларга жооп берип турууга аргасыз болом", - деп жооп берди.
15:10 Ырчы жакында эле башынан өткөн окуялары боюнча, "Жашоомдо оор сыноо болду. Жакындарым үчүн да оңой болгон жок. Бул темага кайра кайрылгым келбейт" деди.
15:12 Окурмандын "Жакында эле ооруканада жүргөнүңдү көрдүк эле, жыйынтыгы кандай чыкты?" деген суроосуна, "Ооруп жатам, акыркы анализимди бүгүн тапшырдым. Жыйынтыгы чыга элек", - деп жооп берди.
15:16 Окурмандын, "Сиздин колуңузду журналист Шайырбек Арапов сураган дешет, сиз макулдук бербей койгонуңузга өкүнбөйсүзбү?" деген суроосуна, "Ал менин жердешим болот, бир-эки жолу эфирге чакырганы эле болбосо, андан башка эч кандай байланышыбыз болгон эмес", - деп жооп берди.
15:18 Суроо: "Нурзат Токтосунова жана Элина Абай кызы менен мурункудай эле доссузбу?"
"Нурзат Токтосунова менен жакшы мамиледемин, Элина экөөбүз дос эмеспиз".
15:20 "Жолдошуң же кайын журтуң кайра жарашуу үчүн алдыңа келдиби?" деген суроого, "Ооба, келишкен. Бирок чечим бир чыккан соң кайра аны өзгөртүүнү туура көргөн жокмун. Ал адам көп убадасын аткара алган жок, андыктан келечегимди аны менен бирге көрө алган жокмун. Азыр ажырашканыма эч өкүнбөйм", - деп жооп берди.
15:23 Окурмандын "Мен сизден кичүүмүн, бирок сизди сүйөм. Мага турмушка чыгууга даярсызбы?" - деген суроосуна, "Мен өзүмдөн кичүүлөрдөн көңүлүм калган. Азыр турмушка чыгууга да даяр эмесмин. Ал үчүн убакыт керек. Бактияр (ред. мурунку жолдошу) да колумду сураганда "сен менден кичүүсүң" деп айткам. Ага да көнбөгөндө "мен рак болуп ооруйм" деп айтып, сынап көргөм. Бул да аны токтоткон жок. Ошондо катуу ишенип алган экенмин", - деп жооп берди.
15:28 Ырчы күйөрмандары үчүн комуздун коштоосунда жандуу үн менен ырдап берди.
15:30 "Турсунбай Бакир уулу менен туугандык жайыңыз барбы?" - деген суроого "жок, ал менин бир тууган эжемдин өкүл атасы болот", - деп жооп берди.
15:32 Суроо: Эмнеге тасмаларда кайгылуу ролдорду аткарасың?
"Режиссёрлордун сунушу аркылуу тартылгам. Бирок акыркы учурларда мындай ролдордон баш тартып, шайыр образдарды аткара баштадым".
15:34 "Устатым Роза Аманова менен ысык мамиледе эмесмин. Бирок ал эже менен саламым түз", - деди ырчы устаты тууралуу.
15:35 Гүлнур Асанова мырзалар тууралуу "эң биринчи сөзүнө турган, ыймандуу, аялзатын сыйлаган эркектер жагат", - деди.
15:42 Суроо: Жашоодон кандай сабак алдың?
"Жашоодон көп эле сабак алдым. Дос да таптым, душман да таптым. Жыргадым, ыйладым. Жашоо улана берет. Эң негизгиси жеңе билүү керек", - дейт ырчы.
15:46 Суроо: Стресстен кантип чыктыңыз?
"Стресстен чыгуу оңой эмес. Көп ойлонуудан рак оорусу пайда болот экен. Андыктан колдон келишинче көп ойлонбогонго аракет кылуу керек. Ал үчүн дүкөнгө барып, өзүңүзгө жаккан жаңы буюм сатып алыңыз же дүкөн кыдыра бериңиз. Өзүңүздүн маанайыңызды көтөрүп, эч бош болбостон бир нерсе менен алектене берсеңиз стресстен тез арыласыз", - дейт ырчы.
15:56 Суроо: Сиз байлыкка берилген адамсызбы? Анткени жолдошу кедей жашаганы үчүн ажырашып кетиптир деп уктук?
"Бул калп. Мен эч качан материалдык байлыкка кызыккан эмесмин. Адамдын жан дүйнөсү бай болуш керек", - деди ырчы.
16:00 Гүлнур Асанованын түз эфирдеги маеги соңуна чыкты.