2013-жылдын январь айынан бери Чүй облусунун Жайыл районунда өрт кырсыгынын айынан 5 адам каза болуп, дагы бешөө жабыр тарткан. Бул тууралуу Жайыл райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, аталган райондо жыл башынан бери 19 өрт кырсыгы катталса, алардын 5 учуру электр жабдыктарын туура эмес пайдалануудан келип чыккан. Кырсыктын кесепетинен келтирилген чыгымдын суммасы 1,5 миллион сомду түзгөн.