Балыкчы шаарынын мэри телефондогу сүйлөшүү боюнча күнөөлүү деп табылып, 2 миң сом айып салынды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева билдирди.
Маалыматка караганда, 14-сентябрь күнү Балыкчы шаардык соту шаар мэри Алмаз Мамбетовду Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 66-11-беренеси (өлтүрүү коркунучу) боюнча күнөөлүү деп таап, 2 миң сом айып салган. Бирок айыпталуучу тарап апелляциялык арыздын негизинде Ысык-Көл облустук сотуна кайрылган. Ал эми облустук сот 30-ноябрь күнү аныктама чыгарып, Балыкчы шаардык сотунун чечими өзгөрүүсүз, апелляциялык даттануу канааттандыруусуз калтырылган.
Айта кетсек, ушул жылдын 7-август күнү уят сөздөр менен коштолгон телефон сүйлөшүү интернетке тараган. Андагы сүйлөшүү Балыкчы шаарынын учурдагы мэри Алмаз Мамбетов менен аталган шаардын мурдагы мэри Сатыбек Шамшудиновдун ортосунда болгон. Сүйлөшүүдө шаар мэри мурдагы мэр Шамшудиновду сөгүп "колу-бутун байлап, көлгө чөктүрөм" дегенин угууга болот.