Американын Time журналы "Жылдын адамы" деп "Silence Breakers" ("тынчтыкты бузган") деп аталган кыздар тобун тапты. Алар жылдыздар арасындагы сексуалдык зомбулуктар боюнча эң алгачкылардан болуп айтып чыккандар. Тактап айтканда, Эшли Жадд, Тейлор Свифт, "Uber" компаниясынын мурунку менеджери Сьюзан Фаулер.
Эскерте кетсек, бир катар актрисалар, моделдер белгилүү продюсер Харви Вайнштейндин аларга карата жасаган сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерин айтып беришип, Голливудда чуу жаратышкан. Мындан көп өтпөй эле атактуу актёр Кевин Спейси, Дастин Хоффман да ушундай сексуалдык мүнөздөгү иш-аракеттерди жасаганын бир убакта чогуу иштешкен айымдар билдиришкен.
Ал эми 2-орун былтыр "Жылдын адамы" аталган АКШнын президенти Дональд Трампка, 3-орун кытайлык саясатчы Си Цзиньпинге буюрган.
Журнал "Жылдын адамын" 1927-жылдан тарта аныктап келет. Бул наамга татыктуу болгондордун арасын Иосиф Сталин, Михаил Горбачёв, Владимир Путин жана башкалар толукташат.