АКШнын Алабама университетинин студенти Келси Холл жаңы жылдык балатынын формасын кийип сүрөткө түшүп, социалдык тармактагы жеке баракчасына жүктөгөн. Ошондой эле бул костюмду апасы белек кылганын жазып, эгерде анын сүрөтүн 1000 адам бөлүшсө, окуу жылынын аягына чейин сабакка ушул форманы кийип бара турганын жазган.
Кызыгы Холлдун сүрөтүн 1000 эмес, 22 миңден ашуун адам бөлүшкөн.
"Чынын айтсам, ишенбей турам. Буга чейин менин билдирүүлөрүмдү көп болсо 5 адам бөлүшчү. 1000ден ашуун адам бөлүшөт деп таптакыр ойлогон эмесмин", - деген ал.
Ошентсе да айткан сөзүнө туруп дүйшөмбүдөн тартып күн сайын университетке балатынын костюмун кийип барууда. Дагы 3 күн балатынын кийими менен жүрө турса жетиштүү болот. Себеби бул жуманын соңунда окуу жылы аяктап, экзамендер башталат.